"Жашыл" таштанды
Шаарлардагы экология: көйгөйлөр жана чечүү жолдору

Таштандыларды утилизация кылуу маселелери

Шаар – жаратылыштын эң чоң душманы. Андан өтө эле көп таштанды чыгат. Айыл жергелери азыркы мегаполистерге салыштырмалуу экологиялык жактан кыйла таза десе болот. Биз көп нерселерди пайдаланып, бирок өтө эле аз көлөмүн кайра иштетебиз. Шаарда жашаган адамга түзүлгөн шарттар айлана-чөйрөгө дайым эле пайда алып келе бербейт. Ташкент – чоң жана кооз шаар. Ошол эле эрежелер менен жашаган адамдардын мегаполиси. Бирок абалды өзгөртүү өзүбүздүн колубузда.



Таштандылар сандар менен
700 миң тонна
Өзбекстандын Экология боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, өлкөнүн борбор шаарынын эле катуу турмуш-тиричилик чыгындыларынын бир жылдык көлөмү
2 миллиард тонна
Ушул убакка чейин Өзбекстандагы топтолгон таштандылардын көлөмү
35 миллион куб метр
Бул өлкөдө бир жылда төгүлчү таштандынын көлөмү. Болжол менен 254 миң вагон. Эгер аны бир метр квадрат деп эсептеп, каптаса, жер шарын бир айландырганга жетмек.
165 кг
Өзбекстандын бир жараны бир жылда чыгарган таштандынын көлөмү



2 млн 371 миң адам
Ташкент шаарында жашаган адамдын саны
60%
Таштандыларды башкаруу боюнча Улуттук стратегиянын маалыматы боюнча Өзбекстанда топтолгон бардык катуу турмуш-тиричилик чыгындылары, турак- жай, коммуналдык кызмат көрсөтүү чарбасында топтолот.
Таштанды талаасы, өз убагында алынбаган таштандылар жер бетин, абаны, жер астындагы жана үстүндөгү сууларды булгап, курчап турган айлана-чөйрөгө экологиялык коркунуч жаратууда. Эң башкысы Өзбекстандагы ысык аба ырайынын айынан элдин ден-соолугуна да коркунуч туудурууда.



Таштанды жана таштанды талаалары. Биз каршыбыз!
Тилекке каршы, Өбекстанда катуу таштанды буюмдарды утилизация кылуунун негизги ыкмасы, жалпылап айтканда, ачык таштандыларга гана такалып калууда.
Көмүп салуу – айлана-чөйрө үчүн ырайымсыз ыкма.
Борбордук бийлик Ташкент облусундагы Ахангаран районун аймагына 2018-жылга чейин 30 гектар жерге эл аралык стандарттарга ылайык келген санитардык полигон куруп, пайдаланууга берүүнү жана ага атайын техникаларды сатып алууну пландап жатат. Мындан сырткары, шаар ичине таштандыларды кабыл алуучу эски пункттарды жаңылап, ага кошуп дагы жаңы пункттарды курганы жатат. Алардын жалпы саны 350 болоору айтылууда. Ал долбоордун жалпы суммасы 78,7 млн доллар болуп, анын 69 млн долларын Азия Өнүктүрүү банкы көтөрсө, калган 9,7 млн долларын Өзбекстандын өзү чыгара турган болууда.
Өзбекстанда катуу таштанды буюмдарды негизинен шаардагы жана айыл жергелериндеги таштанды талааларына төгүшөт. Чыгындыларды уруксат берилбеген жерлерге да ташташат. Мисалы,Чирчик дарыясынын жээгине ташталган таштандылар коомчулукта катуу сынга кабылган.
Өлкө аймагында 159 атайын уруксат берилген таштанды талаалары иштейт. Бирок уруксатсыз төккөн аймактардын сап башында Жизак менен Кашкадарыя облустары турат.
Таштандылар эмнеси менен коркунучтуу?

Таштанды талаалары менен чыгындылар өтө эле чоң аймакты, транспорттук чыгымдарды талап кылбаган, эл жашаган аймактарга жакыныраак жерлерге төгүү талап кылат. Метандын ачык полигондо топтолуп калышы – катуу таштандылардын өзүнөн өзү күйүп кетүүсүн шарттайт. Күйө баштаганда аба басымынын төмөнүрөөк болушу жана кычкылтектин жетишсиздигин еМенделеевдин мезгилдик системасындагы химиялык заттардын баары тарайт. Айрыкча диоксиндер, фурандар жана уулуу заттарга бай жыттар коркунуч алып келет. А күйбөгөндөрү дат басып, акырындап жоголо баштайт. Түстүү жана оор металлдардын акырындап чиришинин натыйжасында – алар абага жана сууларга кошулат, а башка продукциялардын жоголуусу коркунучтуу химиялык заттарга айланат.


Ташкентте жаз, жай мезгилдеринде ашар уюштурулат. Активдүү жаштар жана кайдыгер эмес шаардыктар көчөлөрдү ирээтке келтирип, жалбырактар менен таштандыларды чогултушат.
Анан эмне болот? Чогултулган жалбырактар менен чөптөрдү өрттөшөт. Бирок өрт коопсуздугун эске алып, мындай кылган болбойт да. Жалбырак – фильтр экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Ал булганган абаны тазалайт, ошондуктан, дарактын өзөгүндө уулуу заттар менен оор металлдар топтолуп калат. Бул уулуу затты өрттөгөндө атмосфера менен дем алып, жер астындагы жана үстүндөгү суулар менен азыктанган дарактардан абага көмүр кычкыл газы, күкүрт кычкыл газы, көө, азот кычкылтеги, көмүртектүү суутектер, анан эң башкысы диоксиндин уулуу заттары бөлүнүп чыгып, адамдын ден-соолугуна зыян алып келет.
Мындан айрыкча жаш балдар менен кары-картаңдар жабыркайт. Алардын иммунитети өтө эле сезгич болот. Ошондуктан түтүндө зыяндуу заттардын көлөмү өтө эле көп болот.


Катуу таштандыларды бириктирүү (брикетирование) – таштандыларды сактоо жана көмүүнүн салыштырмалуу жаңы ыкмасы. Көлөмүн кичинертип, башка жакка ташууда жана сактоодо кандайдыр бир чыгымдарды үнөмдөйт. Чыгындыларды бириктирүү үчүн өз өзүнчө кылып болжолдуу бөлүштүрүү да анын санын, көлөмүн 50 пайызга чейин азайтат. Аларды бириктирүү ишинде айрыкча коммуналдык таштандылар кыйынчылык жаратат.

Рашит Картбаев
жеке ишкер, өзүн Каракалпактын башкы "санитары" деп атап алган. Ага кошо тамаша ирээтинде "таштанды падышасымын" дейт.





"Мен институтта окуп жүргөндө, бир жеке ишкер бизге гезит көрсөтүп калды. Анда шайтан арабачы дүйнөнү бүт кыдырып келгени тууралуу макала бар экен. Анан ал өзүнүн өлкөсүнө барганда дүйнөдөгү эң кир шаар Нукус экен деп гезитке жазат. Ошол макала мени аябай кыжаалат кылган. Окууну аяктагандан кийин мен таштандылар менен иштөөгө бел байладым",-дейт Рашит Картбаев.
Ал бул бизнесин алгач баштаганда, көпчүлүк адамдар ага ийгилик жылмаярына ишенишкен эмес. Тааныштары ал ишинен баш тартуусун айтышса, банктар бул бизнестен пайда көрө албайт деп насыя бербей коюшат. Ошентсе да Рашит аке баштаган ишин таштаган эмес экен. Ал досторунан 5 миң доллар карыз алып, кайдагы бир иштетүүдөн чыккан цехти сатып алат да, ага кошо 4 гектар жерди да ижарага алат. 2011-жылы Рашит аке Каракалпакстанда биринчилерден болуп таштандыны кайра иштеткен бизнесмен болуп чыга келет.
Азыр Каракалпакстандын борбору болгон Нукус шаарынын таштанды төккөн жеринин аянты 70 гектар. Жылына ал жерге 150-160 тонна таштанды төгүлөт. Рашит Картбаевдин ишканасы 6 жылдын ичинде чатыр үчүн карапалар (черепица), туш кагаз, жана биологиялык жер семирткичтерди чыгарганга жетишти. Анын эсеби боюнча, эки жылдан кийин шаардын бардык таштанды талаасындагы чыгындылар кайра иштетилип, анын шаары таза шаарга айланат. Ишкер негизги көйгөй деп, таштандыларды кайра иштетүү бизнесине мамлекеттик колдоо болбой жатканын айтат жана бул ишке жөнөкөй шаардыктардын түшүнүүсү да кедергисин тийгизип жатат деп ойлот.

Таштандыларды өз өзүнчө кылып бөлүү менен өндүрүштүк деңгээлде кайра иштетүү иши башталса, биринчиден, жерге сиңген, аба менен сууга кошулган зыяндуу заттарды жок кылат. Экинчиден, жаратылыш байлыктары үнөмдөлөт. Үчүнчүдөн, кайсы бир деңгээлде экономикалык пайда көрөт.
Кайра иштетүү иши – таштандыларды бөлүп төгүүдөн башталат
Бардык таштанды органикалык жана органикалык эмес болуп бөлүнөт
Кайра иштетүү заводдору көбүнчө макулатура, металл, пластикти сатып алышат. А органикалык таштандылар менен калгандары полигонго ыргытылат.
Органикалык чыгындылар жаратылышка көп деле зыян алып келбейт. Таштандыларды зыянсыздандыруу (компост) технологияларынын бири – бул чыгындылардын табигый жактан убакыт өткөн сайын бир же андан көп түргө ажырап, бөлүнө тургандарын кайра иштетүү. Зыянсыздандыруунун жыйынтыгында алар айыл чарба багытында колдонулат. Ошондой эле биологиялык жер семирткичтер биогаз алынгандан калган калдыктардан чыгат.


Учурда Өзбекстанда жылына 2,2 млрд куб метр биогаз чыгаруучу 42 ишкана иштейт. Негизи мамлекет жылына 9 млрд куб метрге чейин биогаз чыгарганга мүмкүнчүлүгү бар. Бул эл колдонгон электр энергиясынын 10 пайызын түзөт.
Өлкөнүн өкмөтү менен бир катар эл аралык уюмдар ушул багытты өнүктүрүү боюнча аракет кылышууда. Бул Өзбекстандагы экологиялык технология негизинен газ жок айыл жергелеринде колдонулат. А шаарларда болсо, метан бензин ордуна колдонулат
ӨЗБЕКСТАНДА КАТУУ ТАШТАНДЫ БУЮМДАРДЫН 14-15%Ы ГАНА КАЙРА ИШТЕТИЛЕТ
Буюмдардын экинчи жашоосу
Кайра иштетүүгө органикалык эмес буюмдарды алуу кыйынчылык туудурат. Калай идиш, пластикалык пакеттер же кандайдыр бир органикалык эмес чыгындылар таштандыга ыргытылат. Бирок ал зыян алып келет, анткени, алардын зыян алып келбей турган мөөнөткө жеткиче, башкача айтканда, убакыт өткөн сайын бир же андан көп түргө ажырап, бөлүнө турган убактылары 2 айдан 500 жылга чейин созулат. Ошондо ал таштандылар пайда алып келеби?
Эмне алса болот?
100 кг макулатура
Бир даракты сактап калат
69 калай идиш
Мындан бир велосипеддин тетиктерин чыгарса болот, бирок андан кайра эле калайидиш чыгарышат, анткени калай эч бир сапатын жоготпой, 100% кайра иштетүүгө жарайт. Болжол менен 1988-жылы ыгарылган алюминийдин 75%ын азырга чейин кайра иштетип келишет.
Tetra Pak`тын 3 пакети
Эки калем жасаса болот
1 тонна айнек идиш
650 кг кумду, 150 кг соданы жана 200 кг акиташты үнөмдөйт.
Кайра иштетилген пластиктен полиэстер алынып, ал футболка, жынсы сыяктуу кийимдерге кошулуп тигилет.
Учурда өлкөдө таштандыларды кайра иштетүүчү 317 ишкана бар. Алардын ичинде полимер, макулатура, айнек, резина сыяктуу жана башка сырьелорду иштеткендери кездешет. Негизинен алюминий банкалар, айнек, пластик жана кагаз көбүрөөк пайда алып келет.

Кайра иштетүүчү ишканалардын бири - Recycling Group. Негизинен ПЭТ-хлопья менен гранулы чыгарышат. Алар сырьену – өнүрүшчүлөрдөн мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аштардын сырттары же брак болуп чыккан буюмдарды сатып алуу менен толукташып, аларга экинчи жашоо тартуулашат.
Ташкентте "Артель" заводунун алдында турмуш-тиричилик техникаларын чыгарган атайын цех иштейт. Алар өндүрүштө жараксыз болуп чыккан буюмдарды кайра иштетишет.
"Оор жүк ташуучу автоунаалардын дөңгөлөктөрү мурда утилизацияга кетчү эмес. Азыр бизде утилизация иши менен алектенген 3 ишкана бар, алар азыр мамлекеттик сертификация алуу алдында турат. Чогулган резинадан күйүүчү май алышат жана түрдүү продуктуларды өндүрүшөт. Бул багытта көптөгөн иштер аткарылып жатат"
Анвар Шабанов – Мамлекеттик экологиялык экспертизанын республикалык борборунун адиси

Мобилдик телефондор күмбөзү
Катуу таштанды буюмдарынын иерархиясында – электрондук чыгындылар утилизация кылууда жана кайра колдонууда алдыңкы орунду ээлейт
БУУ Университетинин серепчилеринин маалыматтары боюнча, Өзбекстандын аймагында 45 миң тоннага жакын электрондук таштандылар жатат. Булар өз мөөнөтүн иштеп бүткөн электрондук жана органикалык буюмдар. Мындай буюмдар боюнча Борбор Азияда Өзбекстан, Казакстандан кийинки 2-орунду ээлейт.
Азыркы убактагы техникаларда, автоунааларда, электрондук буюмдарда сымала, кадмий, берилий, барий, литий сыяктуу уулуу химиялык заттар бар. Алар жер алдындагы жана үстүндөгү сууларга кошулуп, жаратылыш менен адамдын ден-соолугуна зыян алып келет. Муну менен катар бул химиялык буюмдар – өндүрүш үчүн баалуу каражат болот.

Өзбекстан Республикасында электрондук таштандылар маселесин чечүүдө бийликтин бардык бутактарында комплекстүү иштер аткарылып жатат. Керектөөчүлөр "эски жана сынып калган гаджеттерди кайда таштаса болот?" деген суроолорду бере башташты. Өндүрүшчүлөр жана чоң-чоң дүкөндөрдө аларды кабыл алуучу пункттарды ача башташты. Муну менен алар жарандардын эски техникаларын алышып, ордуна башка техникаларды арзандатылган баада сатышууда. Мындай иш кылгандардын бири - Media Park дүкөндөр тармагы десе болот.
Республикалык деңгээлде Экология боюнча мамлекеттик комитети «Тошрангметзавод» ишканасы менен биргеликте 2016-2020-жылдар аралыгында Өзбекстандын аймагындагы катуу жана электрондук таштандыларды утилизация кылуу, элдин экологиялык активдүүлүгүн көтөрүү жана жаратылышты коргоо максатында кошумча иш-чараларды көрүү тууралуу Министрлер кабинети бекиткен программаны ишке ашыруу боюнча бир катар аракеттерди көрүп жатышат
Бул программага ылайык, Ташкентте жана облустардын борборлорунда 50гө жакын кабыл алуу пункттары ачылат. Ошондой эле «Toshrangmetzavod Recycling» ишканасы таштандыларды кабыл алуу, утилизация кылуу электрондук чыгындыларды кайра иштетүү боюнча иш алып барат. Бул жакка бир эле мамлекеттик ишканалар гана электрондук таштандыларды бербестен, жеке жактар да тапшырышат.


Өзбекстанда катуу буюмдардын аз эле бөлүгү кайра иштетилет. А таштандылар болсо, тоодой болуп көбөйүүдө. Бул көйгөйдү чечүү жана абалдан чыгуу боюнча чоң кадамдар ташталууда. Көрүлүп жаткан чаралар акырындап натыйжасын бере баштады, бирок мындан аркы жумуш – өнүккөн инфраструктураларды түзүп эле чектелбей, ар бир жарандын маселени чечүүгө катышуусун талап кылат.


Дагы эмне кылса болот?
Көпчүлүк мамлекеттер катуу таштандыларды утилизация кылуу жана кайра иштетүү маселесин ийгиликтүү чечип келе жатышат. Айрым өлкөдөрдө таштандыларды сатып алышып, кайра иштеп чыгып, пайда көрүп жатышат. Мисалы, Швеция чыгындынын 99 пайызын кайра иштетет. Бул мамлекет 700 миң тонна таштандыны кошуна өлкөлөрдөн сатып алып, андан энергия чыгарып, өздөрүнүн керектөөсүнө пайдаланат.
Жеке мен эмне кыла алам?
Таштандыларды өз-өзүнчө кылып бөлүп таштоону азыртадан башта!
Кагазды, пластикалык каражаттарды, айнекти жана органикалык башка чыгындыларды өз-өзүнчө бөлүп ташта!
Керектеле турган таштандыны кайра иштетүү үчүн кабыл алуучу жайга тапшыр!
Таза шаарда жашаш үчүн эң жөнөкөй эрежени аткаруудан башташ керек!
Авторлор:
Дарья Османова
Лобар Исламова
Саида Сулайманова
Ромина Тулякова

Материал Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Анын мазмуну Лобар Исламованын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын билдирбейт.
Made on
Tilda